ОЛДРИЖ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЛДРИЖ Жеймс (10. 7. 1918-жылы туулган, Австралия Виктория, Уайт-Хилс) - англ. жазуучусу, коом­дук ишмер. Мельбурн коммерциялык коллежин­де окуган. Аскердик кабарчы жана журналист ка­тары 2-дүйнөлүк согуш майдандарында калемин такшалткан. «Кавказ жөнүндөгү ыр» (1942) де­ген көркөм репортажы, «Бедел кадыры» (1942), «Деңиз барчыны» (1944) романдары, «Көп адам тууралуу» (1946) новелла цикли фашизмге кар­шылык көрсөткөндүктөрдүн эрдиги жана жеңиш­тен кийин өзгөрүштөрүн баяндайт. «Дипломат» (1949; Тынчтыктын алтын медалы, 1953), «Мер­генчи» (1950), «Ээн горизонт ээлери» (1954), «Анын өлүмүн каалабайм» (1957), «Акыркы куу­гун» (1963) романдары, «Бөтөн жердин уулу» (1962), «Опурталдуу оюн» (1966) экилтиги ж. б. чыгармалары бар. Айрым чыгармалары экран­даштырылган.