ОКУЯНЫНТҮЙҮНДӨЛҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКУЯНЫНТҮЙҮНДӨЛҮШҮ, окуянын чие­л е н и ш и - сюжеттин элементтеринин бири. Кандай гана чыгармада болбосун, окуянын өнү­гүшү үчүн жагдайдын, кырдаалдын болушу за­рыл. Ошондон кийин гана окуя өнүгөт. Мисалы, Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинде Жамий­ланын станцияга эгин ташып, ошол кезде Да­ниярдын айылга келиши, алардын бирге иш­теп калышы чыгармадагы окуянын андан ары өнүгүшүн аныктаган чиелениши болуп эсепте­лет. Чиелениш сюжеттүү чыгармалардын барды­гына мүнөздүү көрүнүш, башкача айтканда белгилүү бир жаг­дайсыз чыгарманын окуясы чиеленүүгө чейин өнүкпөйт. Мисалы, кош эзүүнүн күчөшү, элдин кө­төрүлүшкө чыгып жеңилиши жана Кытайга качы­шы - «Ажар» повестиндеги окуянын андан ары өнүгүшүн аныктап турган чиелениш. О. т-дө алгачкы карама-каршылык башталат да, түйүн түйүлөт.