ОКУТУУНУН КАБИНЕТТИК СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКУТУУНУН КАБИНЕТТИК СИСТЕМАСЫ - сабактын атайын жабдылган окуу кабинеттерде, мектеп устаканасында өтүлүшү. Көбүнчө өндүрүштүк окуусу бар жалпы билим берүүчү орто жана атайын окуу мектептерде колдонулат жана атайын класс даярдалат. Сабактардын атайын жабдылган кабинеттерде өтүшү окуу-тарбия ишинин натыйжалуулугун арттырат, көрсөтмө куралды, аудио-видеоаппаратураны, түрдүү лабор. жабдууларды системалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. 0. к. с. мугалимдин ишин жеңилдетет, убакытты үңөмдөйт, ошондой эле сабактар боюнча ийрим өткөрүүгө, окуучуларды конструкторлоого, моделдөөгө үйрөтүүгө база түзөт.