ОКТЯБРЬ (Араван р-ну): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОКТЯБРЬ - Ош облусунун Араван районундагы кыш­так. С. Юсупов атындагы айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 790 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Араван кыштагынан 3 км түштүк та­рапта. Ош т. ж. бекетинен 35 км. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 3000 (2010); негизинен дый­кан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.