ОКОП: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКОП — аскер адамын (бир кишилик) же өздүк аскер бөлүгүн, аскер техникасын душмандын чабуулу же аткылоосунан коргоп, анын мизин кайтаруу үчүн атайын казылган орун (чуңкур). Негизинен О-тор ок атуучу кумдардын түрүнө (мисалы, пулемёттук же артиллериялык) ылайык казылат. Ич жагынан О-тун кырына (бруствер) үйүлгөн топурак б а р б е т, ал эми ок атууга ылайыкталган тешик амбразура деп аталат. Бир кишилик О-тордун бийиктиги 0,5 жден жогору болуп, бири-бирине траншея жана байланып жолдору аркылуу туташтырылышы мүмкүн. Ок атуучу оор техникалар үчүн терең чуңкурлар казылып, үстү жашырылып жабылат.