ОК ЖЫЛАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОК ЖЫЛАН (РэашторЫв Ипео1а1и8) — суу жыландар тукумундагы сойлоочу жаныбар. Денеси ичке, узундугу 90 слгге жетет. Түрпүсү жылма.

Түсү боз, жонунда узунунан кеткен 4 чийини бар. Оозу кичине, уулуу тиштери үстүнкү жаак­тарынын арт жагында жайгашкан. Ошондук­тан анын уусу майда жаныбарларды ууланды­рат. Көбүнчө Борбордук жана Батыш Азияда тарал­ган. Кыргызстанда Ысык-Көл ойдуңу, Чүй жана Фер­гана өрөөндөрүндөгү чөлдүү, чополуу, кумдак, таштуу, жапыз бадалдуу жерлерди мекендейт. Күн жылуу учурда (күндүз) активдүү келет. Күздө чээнге кирет. Көбү чээнден апрелде чыгат. 2-6 жумуртка тууйт. Курт-кумурска, майда кескел­дирик жана чычкандар менен азыктанат.