ОКЕАНОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКЕАНОЛОГИЯ (ркеан жана ...логия), о к е а н ог р а ф и я - Дүйнөлүк океандагы физикалык, химиялык, геол. жана биол. процесстер жөнүндөгү илим. 0-нын негизги тармактары: океан физикасыокеан жана деңиз сууларындагы физикалык процесстерди, океан менен атм-нын өз ара аракеттенүү закон ченемдеринин; океан химиясыокеан- дагы химиялык заттардын алмашуу жана трансформациялануу закон ченемдеринин, ал заттардын химиялык балансын; океан биологиясыбиомассанын пайда болууга, биомассаны жана организмдердин маанилүү түрлөрүнүн жылдык
продуктуулугунун, океандын биол. продуктуулугунун жөнгө салынып туруу закон ченемдерин; океан геологиясыокеан түбүндөгү жана анын астындагы геол. процесстердин жана кен байлыктардын пайда болуу закон ченемдерин изилдейт. О-нын башкы максаты - деңиз үстүндө жана астында кеме жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылып, натыйжалуулугун жогорулатуу, океандын биол., минералдык жана энергия ресурстарын пайдалануу, аба ырайын прогноздоо ыкмасын өркүндөтүү.