ОКЕАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОКЕАН, Дүйнөлүк океан (грекче океапбз - Океан, Жерди айланып аккан улуу дарыя) - Жердин туташ суу катмары. Гидросферанын басымдуу бөлүгүн (94%) жана жер бетинин 70,8% ин ээлейт. Аянты 361,1 миллион км2 (көлөмү 1340,74 миллион кл«3). О-дын орт. терендиги 3709 м, эң терең жери - 10 994 м (Тынч океандагы Мариана кобулу; 2009). О. атм. жана жер бети менен тынымсыз өз ара аракетте болот. 0. - күн жылуулугу менен нымдуулуктун зор аккумулятору. Анда дүйнөдөгү нымдын 96,5% и топтолгон. Анын таасиринен Жерде температуранын кескин өзгөрүүсү жымсалданып, кургактыктын көп аймагында жаан-чачын пайда болуп, тиричилик үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. О. - азыктүлүктүн өтө бай булагы. О. жана анын деңиздери аркылуу илгертен эле элдер бири-бири менен байланышып келген. Бул Географиялык улуу ачылыштарга жана прогресстин өөрчүшүнө өбөлгө түзгөн. Азыр дүйнөлүк жүк ташуунун */5 бөлүгү О. аркылуу жүргүзүлөт.
Физикалык-географиялык өзгөчөлүгүнө карай Дүйнөлүк О. айрым океандарга, деңиздерге, булуңдарга, кысыктарга бөлүнөт. Дүйнөлүк океан 4кө (к. Тынч океан, Атлантика океаны, Инди океаны, Тундук Муз океаны) ажыратылат. Чет элдик адабияттарда бешинчи О. - Туштук океан өз алдынча бөлүнүп каралат.
О. түбүнүн басымдуу бөлүгү (73,8%и) 3000 жден 6000 мте чейинки тереңдиктерде жатат. Материкте туташ жаткан анын чет жакасы рельефинин өзгөчөлүктөрүнө жараша шельф, материк капталы жана материк этеги болуп бөлүнөт. Бардык О-дар аркылуу суу астында О. аралык
кырка тоолордун системасы созулуп жатат. Бул тоолордун рельефине риф өрөөндөрү, аларды кыркалай жаткан риф тоолору, туурасынан кеткен жаракалар жана ири жанартоо массивдери (мисалы, Азор а.) мүнөздүү. Геол. изилдөөлөрдүн жана сейсмдик зонддоонун негизинде ныкталбаган чөкмө тектердин калыңдыгы 0-дын материктерге чектеш зоналарында 2000-3000 лгден ашса, О. ортолук кырка тоолордо, тик капталдарда, материктик капталдардын тектирлеринде ондогон метр экендиги аныкталган. О. түбүндөгү чөкмө тектер' терригендик, биогендик (акиташ тектүү, кремнийлүү), жанартоолук, аралаш (полигендик; аларга тереңдиктеги кызыл чополор кирет) чөкмөлөр болуп бөлүнөт. Деңиздик чөкмөлөргө караганда 0-дык чөкмөлөр жайыраак топтолот. Материктик капталдын терригендик зонасында чөкмөлөрдүн эң тез пайда болуусу катталган (көбүнчө миң жылда 100 мм жанаандан да калың). .О. чөкмөлөрүнүн негизги массасы материктерден келет.
Азыркы түшүнүк боюнча О. суусу - Жердин мантиясынын заттык бөлүнүшүнөн пайда болгон. О. ойдуңдарынын пайда болуусу жана анын эволюциялык багыттары жөнүндө түрдүү пикирлер бар: О. ойдуңдары материктерден мурда пайда болуп, бирок, жер бетинин рельефинин калыптануусунда кичирейип, материктик кыртышка айланууда; 0. материктен кийин пайда болгон. Негизинен айрым фактылар «Плиталар тектоникасы» аттуу 3-гипотезаны ырастайт. Ага ылайык жер кыртышы кыймылдуу плиталардан туруп, алардын чек арасында О. ортолук кырка тоолор жана терең кобулдар кездешет. 0-дын азыркы турпаты юра мезгилинен баштап калыптанган; андан байыркы тектер 0. таманынан табыла элек. Бор мезгилинде жана кайнозойдо О. андан ары терендеп, абиссалдык чөкмөлөр топтоло бергенетикалык Кийинки мезгилде материктердин чет-жакалары кеңейгендиги аныкталды. О-дын таманында рельефтин ири формаларынын пайда болуусунда жер кыртышынын вертикалдык жана горизонталдык кыймылдарынын мааниси зор.
0. суусунун жылдык орт. температурасы 17,5°С, ал эми 0. үстүндөгү абаныкы 14,4°С. Атм. циркуляциянын таасиринен тропик жана субтропик кеңдиктерде суу агымдары антициклондук, ал эми мелүүн жана жогорку кендиктерде циклондук айланууларды пайда кылат. О. суусунда аралашуу процесси (молекулалык, турбуленттик, конвекциялык) жүрүп, анын негизинде катмардан катмарга гидрол. жана гидрохим. өзгөчөлүктөр өтүшүп турат. О. кургактык сыяктуу эле арктика,
субарктика, мелүүн, субтропик, тропик жана экватор зоналарына бөлүнөт. Мындай кеңдик зоналуулук терендиги 150-200 м келген суу катмарын камтыйт. О. суусу тик багыт боюнча бир нече зонага бөлүнөт.
Суунун орт. туздуулугу 35%они түзөт. О-да бардыгы болуп 5-1022г туз эритиндиси бар. Анын курамында Ма+, Мв2+, К+, Са2+, С1" жана 8О2"4 иондору басымдуу келип, туздун жалпы суммасынын 99% ин түзөт. 0-дын туз массасынын курамы эрүүнүн, материктен келген эритинди чөкмөлөрдүн, атм. менен О-дагы чөкмөлөрдүн (карбонат, силикат) алмашуу процесстеринин, ошондой эле деңиз организмдеринин тиричилигинин эсебинен жөнгө салынып турат.
0. минералдык ресурстарга бай. 20-к-дын 70- жылдарында деңиз суусунан кайнатма туз (жылына 8 миллион т), күкүрт кычкыл натрий, хлорлуу магний, хлорлуу калий, бром зор өлчөмдө өндүрүлүп алынчу. Азыркы кезде О-дан алынган минералдык сырьёнун жалпы баасынын 90%тен ашыгын нефть жана газ түзөт. Шельфтин чегиндеги нефть-газдуу катмардын жалпы аянты 13 миллион км2. Нефтинин О-дагы болжолдуу запасы (305 м терендикке чейин) 280 миллиард т, газдыкы 140 триллион м3; анын нефтиге которгондогу потенциалдык запасы 1410 миллиард тны түзөт. 70-жылдардын башталышына чейин нефть менен газ 100-110 м тереңдикке, жээктен 150 км алыстыкка чейин гана өндүрүлгөн. 2006-жылы нефть менен газды деңизден ЗОга жакын өлкө казып алса, издөө-чалгындоо иштерин ЮОдөн ашуун өлкө жүргүзөт. Нефть менен газ Перс, Мексика булуңдарынын жана Түндүк деңиздин түбүнөн казылып алынат. Шельфтин таманы металл жана металл эмес чачынды кендерге да бай. Алардын ичинен титандуу минералдар - именит жана рутил, циркон жана моноцит (Австралиянын чыгыш жээгинен; жылына 1 миллион тдан ашык титандуу минералдар), калай (Малайзия, Индонезия, Таиланд, Вьетнам, Япониянын жээктериндеги шельфтерден), темир кенташтары (Япония, Ньюфаундленд), нукура күкүрт (Мексика), көмүр (Канада), алмаз (Африканын түштүк- батыш жээги; Намибия) ж. б. кендер казылып алынат. 0. таманында темир-марганецтин конкрециялары (курамында никель, кобальт, жез бар көп компоненттүү өзгөчө кенташтар) зор аянттарды ээлейт. Алардын потенциалдык запасы бир нече триллион тта жетет; ал кенташтардагы марганецтин, никелдин, кобальттын запасы алардын кургактыктагы запасынан бир нече эсе көп. Нефть менен газдан сырткары башка энергетикалык ресурстарынан ташкындын (Францияда, Ранстын чатында; кубаттуулугу жылына 800 миллион кВт-с ж. б.), толкундун күчү, О-дын термиялык энергиясы (Кот-д’Ивуар) пайдаланылып келет. О. оор суутектин (дейтерий) негизги сактагычы; эгерде термоядролук реакцияны башкаруу проблемасы чечилсе, анда ал энергиянын түгөнгүс булагы болот.
Тирүү организмдер 0-дын бардык катмарларында жашайт. 0-дын органикалык дүйнөсү бентос (түпкүрдө), планктон (пассивдүү сүзүүчүлөр), нектон (активдүү сүзүүчүлөр) болуп бөлүнөт. Өсүмдүк дүйнөсүнүн 10 миң түрү бар. Алар негизинен 200-300 м тереңге чейинки үстүнкү катмарда таралган. Жаныбарлардын 160 миндей түрү кездешет. О. — биол. ресурстардын ири булагы. Ал дүйнөдөгү пайдаланылуучу жаныбар белогунун 12-15% ин жана жаныбар майынын 3- 4%ин берет. Промыселдик деңиз продуктусунун 90%ин балык. 5%ин түрдүү моллюскалар. 3%ин рак сымалдар, 1,5% деңиз өсүмдүктөрү түзөт. Деңиз жандыктарын эң көп уулаган өлкөлөр: Перу, Япония, Россия, Норвегия, АКШ,
Индия, Тайланд, Испания, Дания, Канада, Индонезия, ТАР, Исландия ж. б.
Ад.: Истошин Ю. В. Океанология. Л., 1969; Физическая география материков и океанов/Под редакциялык А. М. Рябчикова. М., 1988; Ерёмина В. А., СпрялинА. Н. Океаны. М., 1997; Залогин Б. С„ Кузминская К. С. Мировой океан. М., 2001; Пущаровский Ю. М. Тектоника Земли/Избр. тр. М., 2005. Т. 2.
Ө. Бараталиев.


