ОИДУҢ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЙДУҢ, ойдуңдуу түздүк - кургактык­тын абсолюттук бийикт. деңиз деңгээлинен 200 л«ге чейинки бөлүгү. О-дун бети көбүнчө түзөң, кээде дөбөлүү келет. 0. негизинен тектоникалык чункурдуктарда пайда болуп, деңиздик же континенттик кат­марлардан (өзгөчө агын суунун аллювий чөк­мөлөрүнөн) турат. Деңиз деңгээлинен төмөн жаткан О-дар да болот (мисалы, Каспий бою ойдуну). Ири­лери: Амазонка ойдуңу, Каспий бою ойдуңу, Ва­тыш Сибиръ туздугу жана Парана д-нын алабын­дагы О-дар. Тоо арасындагы тектоникалык кыймыл­дардан пайда болгон төрт же үч тарабы тен тоо­лор менен курчалган төмөн жаткан жерлер да О. деп аталат (мисалы, Ысык-Көл, Фергана О-дары). Кээде өрөөндун синоними катары да айтылат.