ОЙ БУЛАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЙ-БУЛАК - Ысык-Көл облусунун Түп р-нунда­гы кыштак. Кутургу айыл аймагына караштуу. Түп булуңунун түндүк жээгине жакын, Күнгөй Ала­Тоонун этегинде, Балыкчы - Каракол автомо­биль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1644 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 21 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 169 км. Калкы ЮООге чукул (2010); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, медпункт бар. Кыштакта Советтер Союзунун Баатыры К. Үсөнбеков туулган.