ОЗМИТЕЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЗМЙТЕЛЬ Евгений Кузьмич (9. 8. 1926, Казак­стан, Алматы ш. - 1994, ошол эле жер) - ада­биятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору (1974), СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1975), проф. (1976), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. муга­лими (1979). 1952-жылы КМУну бүтүргөн. Чыгармачылыгы 1943-жылдан башталган. 1955-жылдан КМУда кафедра башчысы болуп иштеген. Улуу Ата Ме­кендик согуштун катышуучусу. Алгачкы очерк­тери, макалалары 1952-жылдан жарыялана баш­таган. О-дин адабият таануу жана адабий сында­гы илимий эмгектеринде Маяковскийдин чыгармачылыгы, сатира теориясы жана тарыхы, кыргыз адабиятынын башка улуттук адабияттар менен байланышы изил­денет. Кыргыз мектебинин 10-классы үчүн «Орус совет адабияты» окуу китебине авторлош. О. «Красный Дьявол» (1960), «Классики совет­ской сатиры» (1962), «Советская сатира» (1964), «Революционная сатира» (1966), «Литература горного края» (1971), «Теория революционной сатиры» (1971), «Осатиреиюморе» (1973), «Кыр­гызская литература и современный литера­турный процесс» (1975), «Современность - источ­ник поисков, новаторства, мастерства» (1977), «Наследия классики и киргизская литература» (1980), «Обновленная суть национальной поэзии» (1984), «Теория литературы» (1986), «Введениев литературоведение» (1987) ж. б. монография­лардын, 400дөн ашык илимий макаланын автору.