ОЗЁРНЫЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОЗЁРНЫЙ (1927-жылы чейин П о д х о з) - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Пригородный айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 650 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 23 км түндүк-батыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинен 14 км. Кыштак 1956-жылы негизделген. Калкы 1570 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Балык чарбасы уюштурулган. Орто мектеп (спорт комплекси менен), мектепке чейинки мекеме, китепкана ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү жана айылдык ден соолук комитети иштейт.