ОЗАЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОЗАЛ Тургут (13. 10. 1927, Түркия, Малатья - 17. 4. 1993, Анкара, сөөгү Стамбулга коюлган) - мамлекеттик жана саясий ишмер, Түркиянын 8-президенти (1989-93). 1950-жылы Стамбул техникалык университетин бүтүргөн. 1950-52-ж.

АКШда иштеген. Армияда кызмат өтөп келгенден кийин Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде окутуучу, 1980-82-ж. премьер-министр Бүлент Улустун экономика боюнча жардамчысы. 1983-жылы «Мекен партиясын» негиздеген. 1983- жана 1987-жылы парламенттик шайлоолордо Түркиянын премьер-министри болуп шайланган. О. Т. АКШнын саясатын колдогон. СССР кулагандан кийин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Азербайжан менен байланыш түзгөн. О. Т. жүргүзгөн экономикалык реформалардын натыйжасында Түркиянын экономикасы жогорулаган.