ОДРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОДРА, О д е р (чехче жана полякча Обга, немисче Обег) - Чехия (баш жагы), Германия, Полыпа­дагы дарыя (көп бөлүгү алардын чек арасы ар­кылуу агат). Узундугу 860 км, алабынын аянты 119 миң кж2дей. Судет тоолорунан башталып, ба­сымдуу бөлүгү Ортонку Европа түздүгү менен агып, Балтика деңизиндеги Щецин булунуна куярда эки салаага бөлүнөт. Негизги куймалары: Бубр, Ныса-Лужицка (сол), Варта (он). Орт. чыгымы 540 м?/сек, кышында жана жазында суусу мол болот. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт; Эльба жана Висла д. менен канал аркылуу тута­шат. Боюнда Острава (Чехия), Ополе, Вроцлав,

Щецин (Польша), Франкфурт-на-Одере (Герма­ния) ш. жайгашкан.

ОЖУКЕЕВА Токонай [13. 2. 1952, Тянь-шань (азыркы Нарын) обл., Жумгал району, Жаңы­Арык кыш.] - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1991), проф. (1995). КМУну бүтүрүп (1975), ошондой эле жерде окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафед­ра башчысы (1975-79; 1981-95). ММУнун аспи­рантурасын (1982), докторантурасын (1991) бү­түргөн. КР Президентинин Администрациясын­да эксперт, Мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, премьер-министрдин аппаратында Аналитика­лык борбордун директору (1996-99), КРдин Улут­тук аттестациялык комиссиясында эксперттер то­бунун жетекчиси (1994-2001), КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында проректор (2000-05), кафедра башчысы. 70тен ашык илимий эм­гектин автору.

Эмг.: XX век: возрождение национальной госу­дарственности в Кыргызстане. Б., 1993; Политические процессы в странах Центральной Азии. Принцип раз­деления власти. Б., 1996; Госуправление в Кыргыз­ской Республике. Б., 1998.