«ОДИССЕЯ»: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
«ОДИССЕЯ» (Одиссейдин саякаты жөнүндөгү поэма) - байыркы грек эпикалык поэмасы, автору Гомер делет. Биздин заманга чейинки 8-7-к-да жаралган деп болжолдуу эсептелүүчү «Илиададан» кийин пайда болгон; гекзамер менен жазылган (12100дөй ыр сап). Салт боюнча «О.» «Илиададан» кийин жаралса да, ага танапташ, бирок анын түздөн түз уландысы эмес. Узак убакыт жер кезип, көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн Одиссей саргайып күтүп жүргөн жубайы Пенелопага таанылгыс болуп кайтып келет. Бул дүйнөлүк адабиятта кеңири тараган сюжет. Одиссейдин образындагы акылмандык, айлакер эпчилдиги, сактыгы анын баатырдыгын арткы планга коёт. «0.» «Илиадага» караганда турмуштук жана жомоктук материалдарга бай. «О.» орус тилинде кара сөз менен 18-к-дын аягында, ал эми ыр түрүндө 1849-жылы В. А. Жуковскийдин, 1953-жылы В. В. Вересаевдин котормосунда жарык көргөн.