ОБЪЕКТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОБЪЕКТ (соңку латынча оЬ]ес1пт - предмет, зат, латынча оЬдс1о - алга ыргытам, карама-каршы коём дегенден) - 1) предметтик-практикалык жана таа­нымдык иш-аракеттеги субъектиге каршы тур­ган нерселерди билдирүүчү философиялык категория; адамга жана анын аң-сезимине көз карандысыз жашоочу обьективдуү реалдуулук, коомдун та­рыхый өнүгүүсүндө иштелип чыккан иш­кердүүлүк, таанып-билүүчү аң-сезимде тил жана билим формаларында кабылданган табигый жана тарыхый кубулуштар. Ошондуктан 0. адам (субъект) таануучу, өзгөртүүчү заттардын деги эле түгөнгүс, чексиз экендигин ырастайт (к. Субъект)-, 2) экономикалык ишмердүүлүк менен байланыш­кан бардык нерселер. Экономикада О. катары ишканалар, уюмдар, имараттар, курулуштар, өндүрүш каржаттары каралат. Айрым жактар­га таандык мүнөзү боюнча айырмаланган О-илер менчик О. деп аталат. «О.» термини көбүнчө өндүрүштүк О., курулуштук О., социалдык О., коргонуу О-илери, финансылоо О-илери, кре­диттөө О-илери, камсыздандыруу О-илери ж. б. сөз айкаштарында колдонулат; 3) к о м п ь ю­т е р д е - көз каранды эмес программанын берилишти (берилиш-мүчө) жана аларды иш­тетүүчү ыкмаларды (функция-мүчө) камтыган модулу. Объект программалоосунда колдону­латынча О-илер башка О-илердин берилишин жана методун белгилүү эреже боюнча колдоно алат. О. - класс деп аталган абстракттуу берилиштер ти­биндеги чоңдук. Бул топко бир типтүү О-илер биригет. Мурастоо механизмин колдогон класс­тар 0-инин базалык жана туунду иерархын түзөт. О-илер билдирүүлөр аркылуу өз ара аракетте­нишет. О-илердин иерархиясы табигый түрдө тизилет, жалпы жонунан программа - бул 0. Өзүнүн функциясын аткаруу үчүн өзүнө кирген О-илерге кайрылат, ал болсо өз кезегинде су­ралган нерсени программанын башка О-илери­не кайрылуу жолу менен аткарат.