ОБСИДИАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОБСИДИАН (латынча ОЬзхсНапиз 1ар1з - Обсидий ташы) - дээрлик бир тектүү жанар тоо айнегинен турган магмалык тоо тек. Ал тыгыз жана каралжын, күңүрт (күрөң, боз, кара) түстө болуп, сыныктарынын чет жакаларында жарык өткөрөт. Жаркылдоосу айнек сымал. Катуулугу 5-6. Химиялык курамы ар түрдүү; көбүнчө кычкылдуу тоо тектерге (липарит ж. б.) жакын, 0,5%ке жакын сууга ээ. Кычкыл липарит же липарит-дацит лавалары катыганда пайда болот. Айрымдары кооз таш катары ңил бетон жасоодо колдонулат. О. аракеттеги жанартоо облустарында (Италия, Мексика ж. б.) кеңири тараган.
