ОБРАЗЦОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОБРАЗЦОВА Елена Васильевна (7. 7. 1939-жылы т„ Ленинград) - советтик ырчы (меццо-сопрано). СССР эл арт. (1976). 1964-жылы Ленинград консервато­риясын бүткөн. О. - бардык регистрде бирдей чыккан кубаттуу, кооз үндүү артист. Көрүнүктүү партиялары: Марина Мнишек, Марфа (М. Му­соргский, «Борис Годунов», «Хованщина»), Амнерис, Эболи, Азучена (Ж. Верди, «Аида», «Дон Карлос», «Трубадур»), Кармен (Ж. Бизе, «Кармен»), Фрося (С. Прокофьев, «Семён Кот­ко») ж. б. 0-нын репертуарында П-. Чайковский, М. Глинка, А. Даргомыжский, С. Рахманинов, Р. Шуман, И. Бах, Г. Генделдин камера-вокал­дык чыгармалары бар. 1964-жылы Франция, Ита­лия, Канада, Япония, Польша, Германия, АКШ ж. б. мамлекеттерде гастролдо болгон.

Вокалист­тердин Глинка атындагы Бүткүл союздук конкурсун­да (1962), Чайковский атындагы Эл аралык 4-кон­курста (1970), вокалисттердин Ф. Виньяс атындагы Эл аралык конкурсунда (Барселона, 1970) 1- сыйл., Глинка атындагы РСФСР мамлекеттик сыйл. (1973), Лениндик сыйл. (1976) алган.

Е. Образцова - М. Мнишек. М. Му­соргский. «Борис Годунов».