ОБЛУС (администрациялык): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОБЛУС (славянча облада - ээлик) а д м и н и страциялык - аймак, жер, край; кандайдыр бир аймактын (өлкө, мамлекет, материк ж. б.) мерчемдүү белгилери (жаратылыш шарты, тарыхый салты, этностук же экономикалык өзгөчөлүгү, администрациялык-саясий мааниси ж. б.), ошондой эле географиялык объектиде (зона, район) бир нерсенин таралышы (зоогеогр. О., флора 0., геосинклиналь 0.) боюнча бөлүнгөн бөлүгү. 0. - КМШ (Россия, Украина, Беларуссия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан) өлкөлөрүндөгү жана бир катар мамлекеттердеги (Непал, Габон, Гана, Камерун, Конго, Мали, Нигерия, Сенегал, Сомали, Танзания, Тoro ж. б.) негизги администрациялык-аймактык бирдик. О. табигый жана экономикалык шарты, аймактык өзгөчөлүгү, калктуу пункттардын ири ө. ж. очокторуна жакын жайгашуусу боюнча бөлүнөт. Кыргызстанда 7 облус (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл) бар. Ар бир 0. райондорго бөлүнөт.