ОБИШИР ҮҢКҮРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОБИШИР ҮҢКҮРҮ - мезолит дооруна (биздин заманга чейинки 9-7-миң жылдык) таандык археол. эстелик. Баткен облусунун Сох жана Айдаркен айылдарынын аралыгында, Катраң тоосунун түштүк тарабында, Сох суусунун куймасы Обишир сайынын оң жээгинде жайгашкан. 1966-жылы Өзбек ССР ИАнын Ферганадагы таш доорун изилдөө боюнча отряды (жетекчиси М. Р. Касымов) ачкан. 0. ү. -1 жана 0. ү. - 5 маанилүү, калган үңкүрлөр археол. табылгага жарды. 1966-73-ж. казуу иштери жүргүзүлүп, Обишир маданиятынын эрте мезгилине таандык жаныбарлардын сөөк калдыктары, миздүү таш кыргычтар, таштан жасалган көзөгүч, бургу ж. б. куралдар табылган.