ОАЗИС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
ОАЗИС (грекче оазха - алгачкы мааниси Ливия чөлүндөгү калк отурукташкан бир нече жайдын аталышы) - 1) чөл жана жарым чөлдөрдөгү өсүмдүк (дарак, бадал, чөп) өскөн жерлер; агын суунун жакындыгына же жер астындагы суунун булак болуп чыгышына байланыштуу нымдуу келет. О-терде калк жыш отурукташып, азык болуучу жана техникалык өсүмдүктөр (айрыкча пахта) өстүрүлөт; 2) Антарктидада мөңгүдөн же муздан бош жайдак жерлер. Терминди 1938-жылы канадалык уюл изилдөөчү В. А. Стефансон сунуштаган. Физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрүнө карай жапыз тоолуу-адырлуу, тоо аралык жана тоолуу антарктикалык О-ге бөлүнөт. Курчап турган аймактарга караганда О-терде жылдык орт. температура 1-2°Ска (жайында 5-6°Ска) жогору болуп, таштуу беттерде кээде 30°Ска чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 200-300 жлг; көбүнчө кар түрүндө жаайт. Өсүмдүккө жарды; мамык чөп, энилчек, балыр (көлмөлөрдө) өсөт. Жаныбарлардан чымын-чиркейлер, каракчы куштар, айрым О-терде Адели пингвиндери мекендейт.