НЬЮТОН Исаак: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НЬЮТОН Исаак (4. 01. 1643, Вульсторп -31.3. 1727, Кенсингтон) - англ. физик, математик, механика менен астрономиянын теориялык негизин түзүүчү.

Н. Париж ИАнын мүчөсү (1699), Лон­дон королдук коомунун мүчөсү (1672) жана анын пре­зиденти (1703-жылдан) бол­гон. Ал күзгүлүү телескоп жасап (1668), бүткүл дүйнө­лүк тартылуу законун ач­кан, асман телолорунун кыймыл теориясын түзүп, асман механикасын негиз­деген. Н. 1678-жылы өзүнүн «Натуралдык философия­нын математикалык негиз­дери» деген зор эмгегин жарыялаган. 1704-жылы жарык көргөн «Оптика» деген эмгегинде жарык дисперсиясын, жарыктын сынышын, жарык интерференциясын байкоо үчүн кылдат тажрый­баларды жасап, аларды түшүндүргөн жана жа­рык толкундук касиети менен катар корпускула­га (бөлүкчөгө) ээ деген көз карашта болгон. Н. механиканын негизги үч законун ачкан (к. Нъютон закондору). Мейкиндик менен убакыт­ты абсолют деп эсептеген.

Ад.: Кузнецов Б. Г. Ньютон. Н., 1982; Хеллман X. Ньютон против Лебница: Битва титанов. Н., 2007.