НЫЯЗАЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НЫЯЗАЛЫ Борошев (1856, азыркы Жалал-Абад обл., Аксы району, Кичи Ак-Жол кыш. - 1941, ошол эле жерде) - жомокчу, ырчы, комузчу. Ток­тогулдун шакирти болгон. Н. комуз музыкасын­дагы кеңири өнүккөн айтым күүлөрдүн устаты болгон; элдик күүлөрдү да чебер ат­карган, ошондой эле өзү да көп күү

(«Кара өзгөй», «Арсаркүү», «Кер толгоо», «Сары бар­пы», «Короо күзөтүү», «Өттү, кетти балалык» ж. б.) чы­гарган. Н. өз чыгармаларын же элдик күүлөрдү комузда кол ойнотуп, күү арасына ыр кошуп, куудулданып ат­карган. Н-дан Коргол, Атай, Шекербек ж. б. комузчулар, акындар таалим алган. Н-нын чыг­лыгы айрыкча советтик доордо өнүккөн. Н-нын «Ар­сар күү» аттуу айтылуу күүсүнүн негизинде музы­канттар Б. Кулболдиев менен Н. Р. Миронович «Концертино» жазышкан. Н. Фрунзе (азыр Биш­кек) ш-нда өткөн эл чыгармачылыгынын респ. бирин­чи (1936), экинчи (1937) олимпиадаларына ка­тышып, экөөндө тең биринчиликти жеңип ал­ган. 1991-жылдан Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы анын ысмында.