НЫМ САКТОО ТОКОЮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НЫМ САКТОО ТОКОЮ - ири дарыя, көл, суу сактагыч, каналдын боюндагы өзгөчө токой тилкеси. Ал суу балансын, гидрол. режимди, суунун сапатын жакшыртат, ошол жердеги то­пурак эрозиясын азайтат; аба массасынын ыл­дамдыгын басаңдатат, атм-да аба фронтун күчө­төт, аба конвекциясын күчөтүп, жаан-чачын­дын жаашын тездетет. Н. с. т-нун ыңгайлуу кли­матты түзүшү, ошол жердеги суу объектилери­нин алабынан суунун агып кетишин токтоту­шу дарыя сууларынын мол болушуна, жер ас­тындагы суулардын көбөйүшүнө алып келет.