НЫМДУУЛУК ЧЕНЕГИЧ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НЫМДУУЛУК ЧЕНЕГИЧ - газ, суюктук, катуу (ошондой эле чубурма) нерселердин (жыгач, кездеме, була, дан, азык-түлүк, нефть ж. б.) нымдуулугун ченөөчү прибор. Абанын нымдуулугу гигрометр жана психрометр, суюктуктун (башкача айтканда суу негизги компоненти болуп эсептелбеген суюктуктун, мисалы, нефтинин, спирттин) нымдуулугу сыйымдуу жана кондуктометрдик Н. ч-тер менен өлчөнөт. Сыйымдуу Н. ч. суюктуктун диэлектрдик туруктуулугун же диэлектриктик коромжуну аныктоого, кондуктометрдик Н. ч. суюктуктун электр өткөрүмдүүлүгүн өлчөөгө негизделген. Катуу нерселердин (монолиттүү, такта түрүндөгү, чагылган, майдаланган, чубурма) нымдуулугу кондуктометрдик, сыйымдуу, радиоизотоптуу, ошондой эле суунун курамына кирген суутектин ядросунун радио толкундарды резонанстык жутуусуна негизделген Н. ч-тер менен өлчөнөт.