НЫЛДЫ (дарыя): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НЫЛДЫ, Чырканакты, Распай - КараБуура районундагы суу, Талас д-нын оң куймасы. Узундугу 35 км, аянты 281 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түштүк капталынан башталатынча Куралуу аянтынын орт. бийиктиги 2490 м. Жалпы узундугу 108 км келген 30 куймасы бар. Ирилери: Утур (11 км), Коргон-Таш (11 км), АчыкТаш (14 км). Кар (90%), жамгыр (10%) сууларынан куралат. Март-август айларында суусу кирет, сентябрь-апрелде тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 0,79 м3/сек, суусу мол май айыныкы 2,58 м?/сек, суусу тартыш январь-февралда 0,25 м3/сек, эң көп чыгымы 14,3 м?/сек. Айрым жылдары январь, июль, август айларында соолуп калат. Сугатка пайдаланылат. Н-дан 2,33 м?/сек суу өткөрүүчү 6 канал башталат. Воюнда Нылды кыш. жайгашкан.