НУСУПОВ Эркин Сүйүнбаевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУСУПОВ Эркин Сүйүнбаевич [12. 9. 1940-жылы туулган, Талас обл., Киров (азыркы Кара-Буура) р-ну, Чымкент айылы] - механик, техника илимдеринин доктору (1992), проф. (1993). КРдин Инженердик ака­демиясынын (1998), Эл аралык Инженердик акаде­миянын академиги. КАЧИни (1962), ФПИнин аспирантурасын (1968) бүтүргөн. Талас р-ндук Жерге-Тал асыл-тукум заводунда мастер (1962-64), ФПИде ассистент (1964-67), окутуучу, улук оку­туучу (1967-70), доцент, улук илимий кызматкер, проф., кафедра башчысы (1970-95, 2000-10), КААда кафедра башчысы (1995-2000), КМКТАУ­да Транспорт жана коммуникация институтунда ка­федра башчысы (2000-05), 2005-жылдан дирек­тор, 2010-жылдан кафедра башчысы. Автомо­биль транспортунун тоолуу шартта пайдалануу­нун натыйжалуулугун жогорлатуу боюнча адис. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монография, 4 окуу куралы жана 20 методикалык окуу китеби жарык көргөн.

Эмг.: Основы конструкции агрегатов и систем авто­мобилей. Б., 2001; Основы теории и расчета колёсных машин. Б., 1998.