НУРУНБЕТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУРУНБЕТОВ Балтагул Аттокурович (1. 2. 1947-жылы туулган, Ош обл., Өзгөн району, Кызыл-Сеңир айылы) - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2000), проф. (2004). КРдин эмг. сиң. мугалими (1994). ОМПИни (1972), КПСС БКга караштуу жогорку партиялык мектепти (1978) бүткөн. 1962- 65-ж. Өзгөн р-нунун Түштүк Кыргызстан тажрыйба станциясында (ЮКОС) жумушчу, 1965-67-ж. комсомол комитетинин секретары, ошол эле мезгил­де 1966-67-ж. М. Ломоносов атындагы орто мектепте мугалим, 1972-83-ж. партиянын Ош шаарко­мунда, Ош обкомунда инструктор, сектор баш­чы, 1983-85-ж. Респ. Ош технол. техникумда директор, 1985-89-ж. кесиптик-техникалык окуу жай­ларынын Ош обл. башкармасынын начальни­ги, 1989-91-ж. партиянын Ош обл. комитетинде, обл. аткаруу комитетинде бөлүм башчы, 1991-92-ж. Ош обл. билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1992- 94-ж. Ош обл. мамлекеттик администрациясы-губерна­тордун орун басары, 1994-99-ж. Ош обл. билим берүү жана маданият башкармалыгынын башчысы, 1999-2006-жылы Кара-Суу р-ндук билим берүү бө­лүмүнүн башчысы, 2006-10-ж. «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археол. музей комплексинин башкы директору, 2010-жылдан ОшТУда кафед­ра башчысы. 150дөн ашык илимий эмгектин автору. Эмг.: Элдик педагогика жана адептүүлүк. Ош, 1998; Промышленные рабочие Кыргызстана. Б., 2000.