НУРМОЛДО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУРМОЛДО Наркул уулу (1838, азыркы ЖалалАбад обл., Ала-Бука району, Кош-Терек айылы - 1920, ошол эле жер, сөөгү Кош-Терек мазарына коюлган) - жазгыч жана төкмө акын, ойчул, агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн аалым адамдар болгон. Атасы Наркул, ата-бабалары: Молдо Темир, Кара Кычкач, Молдо Кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан, Чурчар, Аличур болгондугу айтылат. Н. 9 жашынан Кош-Терек кышнда мечиттен сабатын ачкан. Окуткан молдо баланын өтө зээндүү жана идирек экенин байкаган, эки жылдан кийин Намангандагы Молдо кыргыз медресесине жиберип, медресеге талаба (студент) болуп кабыл алынат. Н. медреседе окуп жүргөндө эле ошол медресенин өзүнө сабак берип, мударистик кылат. Н. чыгармаларын кагазга түшүргөн жана төгүп ырдаган акын болгон. Совет доорундагы молдолордун, ислам илимпоздорунун артынан куугунтук жүргүзгөн мезгилде кол жазмалары жоголуп, мезгил каарынан чочулаган туугандары, урпактары атайылап жоготкон учурлары да болгон дешет. СССР мезгилинде Н. жөнүндө оозеки учкай гана айтылып, Жеңижок, Токтогул, дагы башкалар менен айтышканы гана эскерилип, ал да анын кемчил жагын көрсөтүү үчүн айтылчу. Эгемендүүлүк келгенден кийин «Замана», «Молдо кыргыз медресесиндеги ыр» (1997) аттуу чакан эки китеби жарык көргөн. «Замана» акын өзү жашоо кечирген заман туурасындагы ойчул ырларынан жана «Нурмолдо тууралуу» икаялар деген бөлүмдөрдөн турат. Экинчи китепте да өз доорундагы саясий-социалисттик абалдарды чагылдырган «Замана» аттуу айрым ыры бар. Н-нун бул ырдагы жана замандаш ырчыларды мүнөздөгөн чыг-ларындагы көз карашы Калыгул, Молдо Нияз, Молдо Кылыч ж. б. акындардан айырмаланып, орустардын келишине карата оңчул мүнөздө экени даана көрүнөт. Н. тууралуу маалыматтарды К. Рыскулов топтогон. А. Какеевдин «Нурмолдонун философиясы», С. Байгазиевдин «Нурмолдо-Х1Х кылымдын тунгуч агартуучу-педагогу жана эне тилдин даанышман патриоту» (2005) деген эмгектери жарык көргөн.
Ад.: Чыгармаларынын 1 томдук жыйнагы. Б., 2003.