НУРИЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУРИЕВ Рудольф Хаметович (17. 3. 1938, Ир­кутск - 6. 1. 1993, Париж) - советтик жана британ­дык балет артисти, балетмейстер. Бала чагы­нан эле Уфа ш-нда балдар фольклордук ансам­блинде бийлеп жүргөн. 1955-жылы Ленинград хо­реогр. окуу жайында А. Пушкиндин классында окуган. 1958-жылдан С. М. Киров атындагы (азыркы Мария) опера жана балет театрында балет солис­ти. 1961-жылы Парижде гастролдо болуп, СССРге кайтпай калып калган. Н. 15 жылдан ашык Лондондук Королдук балетте иштеп, дүйнөлүк атакка ээ болгон, англ. балерина Марго Фон­тейн менен дайыма бийлеген. Бүткүл дүйнөнү кы­дырып (Европа, АКШ, Япония, Австралия ж. б.) бийлеп чыккан. 1983-89-ж. Н. париждик Гран­операнын балеттик труппасынын директору бол­гон. Иркутскиде Н-дин мемориалдык тактасы ор­нотулган. Уфа ш-нда жыл сайын Р. Нуриев атындагы балет искусствосунун эл аралык, Казанда 1987-жыл­дан Р. Нуриев атындагы эл аралык фестивалдар өткө­рүлүп турат. Башкыр мамлекеттик опера, балет жана хо­реогр. окуу жайы анын ысмында.