НУРДӨӨЛӨТОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУРДӨӨЛӨТОВ Калмурат (1902, азыркы Нарын обл., Ак-Талаа району, Ак-Кыя айылы - 1961, ошол эле жер) - обончу, комузчу. 1936-41-ж. Кыргыз мамлекеттик филармонияда артист. 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө катышкан. 1941-43-ж. Ата Мекендик согушка катышып, колунан майып болуп келгендиктен, комуз чертүүгө жарабай, 1943-53-ж. колхоздо башкарманын төрагасы болуп иштеген. «Койчу», «Калмураттын ыры» ж. б. ырлары Кыргыз комитетинин телерадио алтын казынасына, грампластинкага жазылган. Көп обондору өз убагында тасмаларга жазылбай калган. Н. ырларын өзгөчө вокалдык ыкмада, аткарып, көмөкөй менен ырдоонун чыныгы устаты болгон. «Курманбек», «Жаныш-Байыш» дастандарын башкалардай салттуу обондо эмес, ар бир каармандын турпатына айкалышкан обондо айткан. Медалдар менен сыйланган.