НУРГАЗИЕВ Рысбек Зарылдыкович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУРГАЗИЕВ Рысбек Зарылдыкович [7. 1. 1961- жылы туулган, Тянь-Шань обл., Тянь-Шань району (азыр­кы Нарын обл., Нарын району), Миң-Булак айы­лы] - ветеринария илимдеринин доктору (1997), проф.

(1999). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1980), Москваве­теринария академиясын, (1983), ошол эле жерде ас­пирантураны (1988) бүтүр­гөн. Тянь-Шань районундагы «Коммунизм» колхозунда башкы ветеринариялык врач (1985-88), КАЧИде ассистент, улук окутуучу, доцент (1990-94), КААда окуу бөлүмүнүн баш­чысы (1996-98), декан (1998-2000), проф. (2000-02). 2002-08-ж. Мал чарба, ветеринария жана жайыт ИИИнин, 2008- 10-ж. А. Дүйшеев атындагы Ветеринария институтунун директору, 2010-жылдан КУАУнун ректору. Ветеринариялык вирусология, иммунология жана ветеринариялык препарат­тардын биотехнологиясы боюнча адис. Чөйрөнү коргоо, биол. жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча эл аралык долбоорлордун координатору жана иш­теп чыгуучусу. 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде, 2 монография, 14 методикалык көрсөтмөнүн, 4 илимий иштеп чыгуулардын автору.

Эмг.: Аденовирусные инфекции животных. Б., 1997; Ящур сельскохозяйственных животных. Б., 2008.