НУРГАЗИЕВ Догдурбек Бакасович: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУРГАЗИЕВ Догдурбек Бакасович (28. 3. 1955- жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Чоң Кызыл-Суу айылы) - живописчи, КР маданиятына эмг. сиң. ишмер (2001), КРдин эл сүрөтчүсү (2011), проф. (2011), Т. Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү (2005), 1991- жылдан КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1978-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1985-жылы Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун, 1997-жылы Көркөм сүрөт академиясынын

аспирантурасын бүтүргөн. 1985-жылдан респ. жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу (Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксембург, Малайзия, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, Швейцария, Япония ж. б.). Өздүк көргөзмөлөрү: «Тоолор» (1996), «Тоолор
симфониясы» (2002, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм искусство музейинде); «Улуттар дворецинде» (2000, Женева ш.); КРдин эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган (1996, Дубай ш.); «Купуя жаңырык» (2003, Астана ш.), «Кыргыз жаратылышы» (2008, Эл аралык искусство шаарчасы, Париж) Н. чыгармачылыгында постмодернизмге ыктайт. Эмгектери КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде орун алган (Москвадагы Чыгыш искусство музейинде, Женевадагы Улуттар дворецинин галереясында ж. б.).
