НУРБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУРБАЕВ Мамат (5. 1.
1911, азыркы Ош обл., Кара-Кулжа району, КараКочкор айылы - 17. 8. 1991, ошол эле жер) - советтик жана партиялык ишмер. Фрунзе а. ч. техникумун (1942), Кыргызстан КП БКга караштуу респ. партиялык

мектепти (1948) бүтүргөн. 1929-31-ж. кедейлер комитетинин төрагасы, 1931-33-ж. Кара-Кочкор айыл советинин төрагасы, 1933-38-ж. Кызыл Армияда взвод командиринин орун басары, саясий жетекчи болгон. Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөп жүрүп, СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. 1938- 41-ж. Кыргыз ССР социалдыккамсыздоо эл комиссары, 1942-43-ж. партиянын Пржевальск райкомунун 2-секретары, 1943-44-ж. Мырзаке р-ндук аткаруу комитетинин төрагасы, 1944-46-ж. партиянын Молотов (азыркы Кадамжай) райкомунда 1-секретарь, ошол эле мезгилде 1940- 45-ж. СССР Өкмөтүндөгү Кыргызстандын туруктуу өкүлү, 1948-53-ж. Өзгөн р-ндук аткаруу комитетинин төрагасы, 1953-58-ж. партиянын Кара-Суу, Мырзаке райкомдорунда 1-секретарь, 1958-59-ж. партиянын Ош обкомунда инструктор, 1959- 63-ж. Өзгөн р-ндук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1963-91-ж. Өзгөн р-нунун «Алга» жана «Өзгөн» совхоздорунда партиялык комитеттин секретары, профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштеген. СССР (1937-46 жана Кыргыз ССР Жогорку Советтеринин (1955-59) депутаты. Ал Чоң Чүй каналынын курулушуна, Кара-Суу р-нуна Отуз-Адыр каналын, пахтадан май чыгаруучу заводун, ун комбинатын, ошондой эле Өзгөнгө ГЭС, нан жана сыра заводдорун курууга, балык чарбасын уюштурууга, Өзгөн - Кара-Кулжа, Мырзаке - Кара-Шоро жолдорунун салынышына зор салым кошкон. 2-даражадагы Ата Мекендик согуш, 3 «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.