НУРАК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НУРАК Абдракманов [19. 10. 1947, Тянь-Шань (азыркы Нарын) обл., Ак-Талаа району, Куртка айылы - 26. 5. 2014, Бишкек] - комузчу, күүчү, ырчы-аткаруучу. КРдин эл арт. (2010). 1968-жылы Токмоктогу маданий-агартуу техникумун бүтүргөн. 1968-69-ж. Тоголок Молдо к-зунда клуб башчысы, 1969-74-ж. Ак-Талаа р-ндук балдар музыкалык мектебинин директору, 1983-86-ж. Аламүдүн с-зунда маданият үйүнүн башчысы, 1986-жылдан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Камбаркан» этногр.-фольклордук ансамблинде ырчы-

комузчу. Комузчу-аткаруучу катары Музооке, Токтогул, Ныязаалы, Боогачы, Жумамүдүн, Бектемир ж. б. ырларын чебер аткарат. Анын аткаруусундагы күүлөр жана ырлар кыргыз эли эле эмес дүйнө элдеринин сахналарында зор кызыгуу жаратууда. Н. - «Ата мурас», «Соң-Көл», «Улуу тоолор», «Эне жүрөгү», «Жаңырык», «Шаттык», «Өмүр көчү» өңдүү классикалык күүлөрдүн, ошондой эле обондуу ырлардын («Аппак сүйүү» ж. б.) да автору. Темир комуз үчүн чыгарылган «Жибек жол» деген күүсү өтө кызыгуу менен кабыл алынган. Так теке өнөрүн жогорку деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазаланып келет. Уста катары темир комуз, комуз, кыл кыяк жасайт, ээр чабат. Түркия, Германия, Франция, Бельгия, Португалия, Япония, Америка ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон. 2001-жылы Самаркандда өткөн Бүткүл дүйнөлүк салттуу музыкалык сынагында ЮНЕСКОнун баш байгесинин сертификатын жеңиц алган. Н. аткарган жана чыгарган ыр-күүлөрдөн турган «Комузчу Нурак Абдракманов» жана «Нурак Абдракманов ырдайт» деген аталыштагы алгачкы үн табактары 1985-жылы жарыкка чыккан. Японияда (1995), Францияда (1997; «Окога» мамлекеттик радиосу колдоосу менен), Чехияда (2000), АКШда (2001), альбомдору чыккан. Устат катары балдарга комуз үйрөтөт, комузчулар мектеби калыптанган. Устатчылыкта жараткан зор ийгилиги, кыргыз музыкасына кошуп жаткан зор салымы - мурунку залкар устаттардан алган тажрыйбасын үлгүлөрүн, жаш муундарга жеткирүү максатынН. Абдракманов устаканасында.

да комуз үйрөтүүнүн өзгөчө методикасын иштеп чыгып, атайын окуу китеп түзгөн. Шакирттери: В. Шатенов, Р. Көчөрбаев, Г. Карабаева ж. б. «Улуу баян» (2007) тарыхый эссесинин, «Нурактын күүлөрү» (2009) аттуу китептери чыккан.