НУКУАЛОФА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУКУАЛОФА - Тонга Королдугунун борбору. Тонга архипелагындагы Тонгатапу («ыйык түш­түк») ири шуру а-нда жайгашкан. Климаты тро­пиктик. Жылдык орт. температурасы 20°Сден 26°Сге

Шаардын көчөлөрүнүн бири.

чейин. Жаан-чачыны 1500 мм. Калкы 24,3 миң (2010). Өлкөнүн башкы порту (негизинен сырт­ка копра, банан чыгарылат). Аралга европалык­тардан алгачкылардан болуп 1643-жылы голландиялык де­ңиз сүзүүчү Абель Тасман, 1773- жана 1777-жылы Ж. Кук келген. 1970-жылы протекторат жоюлган­дан кийин Н. Тонганын борбору. Король ак са­райы (1865-67), ак сөөктөрдүн табыттары ж. б. сакталган. Жыл сайын окумуштуу ботаниктер (миңдеген орхидеялар жана бадал гүл бакчалар кызыгууну арттырат), ихтиологдор (ар түрдүү деңиз жаныбарларын окуп-үйрөнүү үчүн), суу­чулдар келишет. Туризм өнүккөн.