НОТАРИАТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОТАРИАТ (латынча по^агшз - жазгыч, катчы) - келишимдерди күбөлөндүрүү, мурас укугун жолжоболоштуруп, документтерди укуктук күчкө ээ кылуу милдеттери жүктөлгөн мамлекеттик органдар системасы. Мамлекеттик Н-ты уюштуруу, анын ишаракети КРдин Н. жөнүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат. Мамлекеттик Н. органдарына мамлекеттин Н. кеңселери кирет, аларга КРдин Юстиция министрлиги жетекчилик кылат. Н-тын негизги милдети - мамлекеттик жана жеке менчикти, жарандардын жана уюмдардын укуктары менен мыйзамдуу мүдөөлөрүн коргоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо, укук бузууларды алдын алуу. Нотариаттык иш-аракеттер мамлекеттик кеңседе иштеген нотариус жана жеке нотариус тарабынан жүргүзүлөт.