НОТА (музыка): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НОТА - музыка жазууда колдонулуучу графи­калык шарттуу белги. Нота жазуу байыртан эле белгилүү. Байыркы Грекияда добуштун би­йиктигин жана созулушун туюндурган тамга сис­темасы болгон, бирок ал 10-к-га чейин колдо­нулуп, латын тамгасы менен алмашылган. 0. кы­лымдарда сызыкча, үтүр, чекит сымал белгилер (невмалар) колдонулуп, тексттин үстүнө коюл­ган. 11-к-да музыка теоретиги Гвидо д’Ареццо (Италия) азыркы нота станынын прототиби болгон төрт сызыктуу системаны киргизген. Кийин сызык бешке жеткирилип, невмалар нота менен алмашылган. Добуштун созулушуна жара­ша нота бир нечеге бөлүнөт (1-сүрөт). Н. жазы­луучу туура сызылган сызык музыкада нота

ста­ны (сызыктары) деп аталат да, тө­мөндөн жогору са­налат. Н-лар 7 ат менен аталып, алар скрипка ачкычын­да төмөнкүчө жа­зылат: (үн катары, 2-сүрөттө) практи­када ар түрдүү би­йиктеги добуштар көп болгондуктан, негизгиден тышка­ры кыска кошумча сызыктар колдону­лат да, саны беш­тен ашпайт. Мын-

да негизги сызыктын үстүндөгү кошумча сызык­тар төмөндөн жогору карай саналып, бийик до-

2-сүрөт.

бушту, астындагы кошумча сызыктар жого­рудан төмөн саналып, төмөнкү добушту жазуу колдонулат.