НОРМАНДИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОРМАНДИЯ — Франциянын түндүк-батышындагы тарыхый аймак. 10-к-дын башында Сена д-нын чатын норманндар басып алгандан «Н.» деп аталып, өзүнчө герцогдук (борбору - Руан) болгон. 924-933-ж. Н-нын Батыш аймагы кеңейип, Төмөнкү Нормандия кошулган. Норманндар жергиликтүү калк менен синишип, француз тилин үйрөнгөн (норманн диалектиси түзүлгөн) жана фр. феод. институттарды күчүндө калтырган. 11-к-да герцог Вильгельм II (1035-87-ж. башкарган) Мен графтыгын, Анжу графтыгынын бир бөлүгүн, 1066-жылы Англияны караткан сон [к. Норманндардын Англияны карапгуусу (1966)], Н. Англия-Нормандия державасынын бир бөлүгүнө айланган. 1202-04-ж. Н-ны француз королу кайра тартып алса да, Н. бөтөнчө укугун, артыкчылыгын жана шаарларын өзү башкаруу укугун сактап калган. Жуз жылдык согуш (1337-1453) убагында 1417-19-ж. англистер басып алып, алар 1449-50-ж. куулган соң, Н. провинция статусу менен король доменине кошулган. Диний согуштардын (16-к.) убагында Н-да кальвинизм кеңири тараган; гугеноттор Н-нын Руан баш болгон бир нече шаарын басып алган. 1685-жылы Нант жарлыгы (1598) жоюлган соң, гугеноттор Н-дан Англия менен Германияга массалык түрдө кетишкен. 16-17-к-да ө. ж-луу провинциялардын бири болгон. Анда салык эзүүсүнүн күчөшүнөн көп сандаган элдик көтөрүлүштөр (эң ириси - «жылаңайлактар» көтөрүлүшү, 1639) чыккан. 1790-жылы Франция департаменттерге бөлүнгөн сон Н. жоюлган.