НООРУЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НООРУЗ, жыл ажыраш (фарсыча жаңы күн) - Орто Азия жана Жакынкы Чыгыш элдеринин жаз майрамы. Н. күн менен түн теңелген мезгилде, жалган куран айынын 21инде белгиленет. Н. келип чыгышы боюнча байыркы чыгыш элдери­нин дыйканчылыгына түздөн түз байланыштуу. Бул мезгилде жер бети кыймылга кирип, көктөм баралына келет. Ата-бабаларыбыз байыртадан

Арча түтөтүп, аластоо учуру.

жаратылыштын жанданышын жыл башы, «жаңы күн» деп атап, Н-ду улуу майрам ката­ры майрамдап келишкен. Н. күнү арча, чекен­де, адырашман түтөтүп, үй ичин, короо-жайын, мал-салын аласташкан. Ошондой эле адамдар бири­бирине жакшы каалоо-тилектерди билдириш­кен. Н. күнү адамдар таарынычын кечиришип, жарашышкан. Ал табияттын өлбөстүгүн, дүй­нөнүн, жашоо турмуштун гүлдөп өнүгүшүнүн белгиси катары бааланган. Жаңырган жылда эл-журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кыр­сыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган. Н. күнүнө карата ар бир үй-бүлө жети түрдүү даамдан турган сый тамагын даярдап, арпа, буудай, жүгөрүдөн көжө жасап, сүмөлөк кайнатып, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Н-да жаңы кийим кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-

кары­нын баары чогулуп, улуттук оюн-зооктор ойно­лот. Бардык жерге от жагышып, анын үстүнөн чоң, кичине дебестен аттап секиришип, малды алардын ортосунан айдап өтүшкөн. Отту тазар­туучу элемент катары эсептешкен. Н. 2009-жылы ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын маданий му­растарынын тизмесине киргизилген.