НООКЕН РАЙОНУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НООКЕН РАЙОНУ - Жалал-Абад облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Фергана өрөөнүнүн түндүк четжакасын, Алаш-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолорунун түштүк капталдарын жана алардын этектериндеги түздүктү ээлейт. Батышынан жана түндүк- батышынан Аксы, түндүгүнөн Токтогул, чыгышынан Базар-Коргон р-ндору, түштүгүнөн Өзбекстандын Анжиян, Наманган обл. менен чектешет. Аянты 2,5 миң клг2. Калкы 118,0 миң (2010); кыргыз (65,52%), өзбек (29,32%), орус (1,02%), уйгур (1,32%), ошондой эле тажик, татар, түрк, беларус, украин, корей, немис ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 30 киши туура келет. Шаар калкы
16,1%ти

түзөт. Райондо 8 айыл аймагы (Арад, Бүргөндү, Достук, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды, Шайдан), эки шаар (Май-Суу, КочкорАта), 55 кыштак бар. Борбору — Масы кыш.
Район 1928-жылы Базар-Коргон р-нунун курамында болгон 1935-жылы Масы району болуп, өзүнчө бөлүнгөн. Масы району Базар-Коргон району менен биригип, 1937-жылы Ленин району атадган. Борбору - Ленин-Жол кыш. болгон. 1945-50-ж. райондун аймагында Майлы-Суу жана Кочкор-Ата (2003- жылдан шаар) ш. жана Көк-Таш шаарчалары пайда болгон. 1952-жылдан Майлы-Суу ш. облуска баш ийип турган. 1978-жылы кайрадан бөлүнүп, 1992-жылдан Ноокен району.
Н. р-нун аймагы Фергана өрөөнүнүн түндүк четжакасындагы түздүктү, Вабаш-Апга кырка тоосунун түштүк капталын ээлейт. Түзөң бөлүгү деңиз деңг. 600—800 м бийиктикте жайгашып, Майлы-Суу, Нарын д-нын өрөөндөрү менен тилмеленген. Түздүк түндүк-чыгышты карай улам өрдөп, адырлар тилкесине (бийиктиги 800—1200 м), андан ары Бабаш-Ата кырка тоосуна (4485 лгге чейин) өтөт. Онтомо, Алаш-Тоо, Ангирек-Тоо массивдери да райондун аймагында жайгашкан. Тоолуу бөлүгү кокту-колоттуу; батыштан чыгышты карай өрөөндөр орун алган. Райондун аймагы реакрациялык ресурстарга бай жана калктын эс алуусу жана туризм үчүн ыңгайлуу. Тоскоол-Ата, Алаш-Ата, Сере, Каракол сыяктуу табияты кооз жерлери, жайлоолору бар. Кен байлыктары: нефть, газ (Майлы-Суу), курулуш материалдары (айнек жасоoro жарамдуу кум, шагыл, чопо ж. б.), минералдуу суулар (Эски Кочкор-Атадагы Беш-Коргон, Досу, Үч-Эмчек минералдуу суулары). Райондун климаты мелүүн
континенттик, жапыс, бөксө тоолуу бөлүгүндө субтропик климатына окшош. Кышында түштүк циклондордун таасири астында турат. Батыштан жана түндүк-батыштан мелүүн кеңдиктин нымдуу аба массалары, жайында түштүктөн, түш,- батыштан тропиктик кургак аба массалары да кириши мүмкүн. Ал эми түндүктөн жана түндүк- чыгыштан соккон Арктика абасын жана Сибирь антициклонунун абасын Фергана ж. б. тоолор өрөөнгө дээрлик өткөрбөй тосуп калат. Кышы жумшак, нымдуу, жайы ысык, кургакчыл. Январдын орт. температурасы -1,4°С, эң төмөнкүсү - 16°С, июлдуку 27,5-28°С, эң жогоркусу 41°С. Жылдык жаан-чачынынын саны 450 мм, тоолуу бөлүгүндө 1000 ммге чейин; басымдуу бөлүгү кышында түшөт. Ири суулары: Алаш-Сай, Майлы-Суу, Шайдан-Сай. Топурак өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Тоо этегиндеги деңиз деңгээлинен 721—1000 м бийиктикте жайгашкан түздүктөрү боз топурактуу келип, дээрлик өздөштүрүлгөн. 1000—1100 м бийиктикте адырлар тилкеси жатып, боз топурактуу келет. 1100—1300 м бийиктикте эфемер өсүмдүктүү кургак талаа, талаа жана мистелүү сейрек токой мүнөздүү, алардын астында күңүрт боз жана күрөң топурактар басымдуу. Андан жогору орто бийиктиктиктеги (1300—2800 м) бөксө тоолор кара күрөң тоо токой тибиндеги топурактуу келип, алкактын төмөнкү бөлүгүндө жапайы жаңгакжемиш токою (жаңгак, алма, алча, ж. б.), жогорку бөлүгүн карагат, арча, түркүн чөптүү шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Токой тилкесинен жогору субальп, альп шалбаалары, 3100 л«ден жогору гляциалдык-нивалдык алкактар мүнөздүү.
Райондун экономикасынын негизин а. ч. тармагы түзөт. Анын ичинен пахтачылык, дан өсүмдүктөрүн өстүрүү, тамекичилик өнүккөн. Райондун а. ч-га жарактуу жеринин жалпы аянты 247,4 миң га болсо, анын 18,3 миң гасы сугат, 1,7 миң гасы кайрак жер, 118,3 миң гасы жайыт. Айдоо жерлерине дан өсүмдүктөрү (8214 га; анын ичинде буудай 6330 га), картөшкө (397 га), жашылча (1312 га), коон-дарбыз (466 га) ж. б. айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мал чарбасында негизинен жүн багытындагы кой, эт-сүт багытындагы уй асыралат. Райондо «Кыргызнефтьгаз», «Анар» АКтары (карапа жана фарфор буюмдарын чыгаруучу), «Ока - Керамика» (кыш чыгарат, Кочкор-Атада), жашылча-жемиш консерва (Ноокен кыш-нда), «Кыргыз-Түрк» (Момбеков), «Лимбатыш» (Сакалды), пахтаны кайра иштетүүчү (Арал), «Мүрөк» (томат чыгаруучу, Достук) заводдору ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Райондо Тоскоол-Ата токой чарбасы жана Кочкор-Ата токой чарбасы бар. Райондогу автомобиль жолунун жалпы узундугу 310 км, анын ичинде асфальтталганы 220 км. Райондун аймагынан Бишкек - Ош, Майлы-Суу - Кочкор-Ата - Масы автомобиль жолдору, Үч-Коргон - Таш-Көмүр т. ж., Майлы-Суу - Жалал-Абад газ кууру өтөт.
Райондо 54 мектеп (гимназия, көмөкчү жатак-мектеп, 36 орто, 7 негизги, 7 башталгыч мектеп), мындан тышкары көркөм сүрөт мектеби (1982-жылы уюштурулган; 170тей окуучу окуйт), Кочкор-Ата музыкалык мектеби (1968-жылы; 135 окуучу), 19 маданият үйү, музей бар. Райондо 2 борборлоштурулган жана 3 аймактык оорукана, 2 үй-бүлөлүк врачтар борбору, 17 үй-бүлөлүк врачтар тобу, карылар үйү (Кочкор-Ата ш-нда), балдардын сүт азык ашканасы иштейт. Райондук «Ноокен жаңырыгы» гезити чыгат. Ө. Бараталиев.