НООКЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НООКЕН, Коминтерн (фарсы тилдеринде ноу - жаңы, кен, кент - кыштак, шаар маани­лерин берет;-жаңы кыштак) - Жалал-Абад обл­нун Ноокен районундагы кыштак. Ноокен айыл аймагына караштуу. Масы суусунун өйүз-бүйү­зүндө, деңиз деңгээлинен 615 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Масы кыштагынан 5 км ба­тыш тарапта. Облустун борбору жана т. ж. беке­ти Жалал-Абад шаарынан 50 км. Калкы 2859 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, ФАП бар. Эки май чыгаруучу цех, 2 ак жуаз, 3 тегир­мен, машина оңдоочу жай иштейт.