НОВЫЙ ФЛЮОРИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОВЫЙ ФЛЮОРЙТ КЕНИ, Айдаркен флюорит кени Баткен облусунун Кадамжай р-нунда. Айдаркен кенташтуу аймагында, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1900- 2200 м бийиктикте. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1971- жана 1986-жылы запасын бекиткен. Кен аймагын силур, девон, карбон мезгилдеринин кумдук, акиташ, конгломерат тектери түзөт. Кён киноварь, антимонит, флюорит менен минералдашкан жаспероид жана жаспероиддүү брекчия кабаттарына топтолгон. Флюорит майда тарам, чогунду жана ар кандай формадагы линза, уя сымал. Өңү көгүш кызгылтым, сыя көк түстө, тунук. Орт. өлчөмү 12,9% . Флюориттин запасы С^категориясы боюнча - 578 миң т, С2-358 миң т. 1997-жылга карата баланстагы запасы Сх - 313 миң т, С2- 320 миң т.