НОВОСИБИРСК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НОВОСИБЙРСК (1903-26-ж. Новонико­л а е в с к) - Россиядагы шаар (1903-жылдан). Новосибирск облусунун администрациялык жана Сибирь федера­ция округунун борбору. Обь д-ндагы порт. Кал­кы 1,4 миллион (2010). Т. ж. түйүнү. Метрополитен иштейт (1985; РФте жүргүнчү ташуу боюнча 3-орун­да). Машина куруу (заводдору: ЭЛСИБ, «Станко­сиб», «Сибсельмаш» ж. б.), кара жана түстүү ме­таллургия («Новосибирск химконцентрат заво­ду»), химиялык жана химиялык-фармацевтика, жеңил, та­мак-аш, курулуш материалдар ө. ж. ишкана­лары, ГЭС иштейт. Россия ИАнын Сибирь бөлү­мү, Академиктер шаарчасы (25ге жакын ИИИ),

*

Новосибирскидеги мамлекеттик опера жана балет театры.

«Вектор» вирусология жана биотехнология мамлекеттик илимий борбору (Кольцоводо), конструктор-техно­логия жана долбоорлоо институттары, 13 ЖОЖ (анын ичинде 2 университет, консерватория), 6 театр (анын ичинде опера жана балет, «Глобус» жаштар, «Красный факел» ж. б.), филармония, сүрөт галереясы, музей (край таануу, геол., зоол., Сибирь элинин тары­хы жана маданияты), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн атайын) ж. б. бар. 1893-жылы курулушчулар посёлкасы катары негизделген. 1903-жылдан шаар Н-ге жакын жерде илимий шаар Кольцово жай­гашкан.