НОВОПОКРОВКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОВОПОКРОВКА - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кыштактын бир бөлүгү Новопокровка (калкы 4499), бир бөлүгү Логвиненко айыл аймагына (10979) карайт. Райондун борбору Кант шаарынан 7 км батыш тарапта. Бишкек - Балыкчы т. ж-нун жана Бишкек - Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Кыштактын түштүк четинен Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштакты аралап Норуз суусу агат. Кыштак 1907-жылы пайда болгон. Калкы 16,1 миң (2010); негизинен мал багып, дыйканчылыкта эмгектенет. Үч орто мектеп, 2 китепкана, 5 бала бакча, поликлиника, оорукана, дарыканалар, маданият үйү, клуб ж. б. бар. Автомобиль ремонттоочу цехтер, турмуштиричилик кызматы, ресторан, кафе-барлар, «Кантвино» АК ж. б. иштейт. Кыштакта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эки эстелик тургузулган.