НОВОПАВЛОВКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОВОПАВЛОВКА - Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Новопавловка айыл аймагына караштуу. Бишкек - Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте, Военно-Антоновка кыш-на туташ жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 17 км чыгыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинен 3 км. Кыштак 1913-жылы пайда болгон. Калкы 13,7 миң (2009); негизинен мал багып, тоют даярдашып, дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, 3 китепкана, 2 бала бакча, амбулатория, дарыкана, маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматы, соода жайлары, базарчалар, кафе-барлар, ашканалар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.