НОБЕЛДИН КЕРЭЭЗИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОБЕЛДИН КЕРЭЭЗИ (А. Нобелдин керээзинин текстинин котормосу) «Мен, төмөндө кол коюучу, Альфред Бернхард Нобель, ойлонуп жана чечимге келип, өлөрүмө чейин иштеп тапкан мүлкүм боюнча ушул керээзимди жарыялаймын.
Менден калган реализациялануучу бардык мүлкүм төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн: менин керээз аткаруучуларым фонд түзүп, капиталымдын баарын баалуу кагаздарга которууга тийиш, анын проценттерин, өткөн жылда адамзат үчүн өтө жогорку—пайда алып келгендерге сыйлык катары берилип турсун. Көрсөтүлгөн проценттер теп-тең беш бөлүккө бөлүнсүн: алар төмөнкүлөргө арналат: биринчи бөлүгү - физика жаатында аябагандай маанилүү ачылыш же ойлоп табуу жасаганга; экинчиси - химия жаатынан, абдан зор ачылыш же эң чоң өркүндөтүү тапканга; үчүнчүсү - физиология же медицина жаатында өзгөчө зор ийгиликтерге жеткенге; төртүнчүсү - адамзат идеалын чагылткан эң бир мыкты адабий чыгарма жаратканга; бешинчиси - элдерди баш коштурууга, кулчулукту жоюуга, армиялардын санын азайтууга жана тынчтык макулдашууларга олуттуу салым кошконго. Физика менен химия жаатындагы сыйлыктар Швеция королдук ИА, физиология жана медицина боюнча сыйлыкты - Стокгольмдогу Королдук Каролинг институту, адабият боюнча - Стокгольмдогу Швеция академиясы, тынчтык сыйлыгын - норвегиялык стортинг шайлаган, беш адамдан турган комитет ыйгарууга тийиш. Менин өзгөчө каалоом: сыйлыктарды ыйгарууга талапкердин улуту таасир этпесин, сыйлыкты скандинавдарбы же жокпу, эң татыктуулары алышсын.
Бул керээз акыркы жана биротоло чечилген, ал мыйзамдуу күчкө ээ жана буга чейинки менин бардык керээздеримди жокко чыгарат, эгерде мен өлгөндөн кийин андайлар пайда болсо.
Аягында, менин акыркы, сөзсүз аткарылуучу талабым, мен көз жумгандан кийин, компитенттүү врач өлгөнүмдүн чын экенин тастыктаган соң, менин денем өрттөлүүгө тийиш. Париж, 27-ноябрь, 1895-жылы Альфред Бернхард Нобель.