НИЯЗОВ Сапармурат Атаевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НИЯЗОВ Сапармурат Атаевич (19. 2. 1940, Түрк­мөнстан, Ашхабад обл., Кыпчак кыш. - 21. 12. 2006, Ашхабад) - Түркмөнстандын мамлекеттик иш­мери, Түркмөнстан Респ-нын президенти (1990- 2006). Балдар үйүндө тарбияланган. Ленинград политех. институтун (1967), КПСС БКнын алдында-

гы жогорку партиялык мектепти (1976) бүтүргөн. 1967-70-ж. В. И. Ленин атындагы Безмей ГРЭСинде мастер, улук мас­тер, 1970-76-ж. Түркмөн­стан КП БКнын инструкто­ру, бөлүм башчысынын орун басары, 1980-84-ж. пар­тиянын Ашхабад шаардык комитетинин 1-секретары, 1984- 85-ж. КПСС БКнын инст­руктору, 1985-91-ж. Түркмөн ССР Министрлер Советинин төрагасы, Түркмөнстан КП БКнын 1-секретары, 1990-жылы Түркмөн ССР Жогорку Со­ветинин төрагасы, 1990-2006-жылы Түркмөнстан­дын президенти. 1993-жылы Түркмөнстан межли­синин чечими менен Н. дүйнөдөгү бардык түрк­мөндөрдүн башчысы деп жарыяланып, кийин Н-го «Түркмөн башы» титулу ыйгарылган. «Түркмөнстандын ардактуу аксакалы» (1994). Анын бейнеси улуттук акча - манатка басыл­ган, өлкөдө «Түркмөн башы» альманахы чыга­рылат.