НИТРИДДЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИТРИДДЕР — азот менен металл жана металл эместердин бирикмеси. Н. түзүлүшү жана касиети боюнча туз сымал (иондуу), коваленттүү жана металл сымал болуп үч топко бөлүнөт. Туз сымал Н-ге мезгилдик системанын 1- жана 2- тобундагы металлдардын Н-и кирет. Алар суу менен кошулганда аммиак бөлүп чыгарып, ажырайт. Коваленттүүлөргө металл эместердин жана А1, С-а, 1п, Те металлдарынын Н-и кирет. Алар (айрыкча А1Ы, ВКГ, 81ЭЫ4) химиялык таасирлерге абдан туруктуу жана ысыкка чыдамдуу, ошондой эле диэлектрдик же жарым өткөргүч касиетке ээ. Булардын ичинен ВМ маанилүү. Металл сымал Н. өтмө металлдар менен азот же аммиактын түздөн-түз кошулушунан алынып, азот атому металлдын кристаллдык торчосуна жайгашат. Алар металлга окшоп, электрди жана жылуулукту жакшы өткөрөт, жогорку температурада (мисалы, Т1М 2200°С, НШ 3370°Сде) эрийт, катуулугу, морттуулугу менен металлдардан айырмаланат жана химиялык жактан өтө туруктуу келет. Металл буюмдардын катуулугун, коррозияга туруктуулугун ж. б. касиетин жогорулатуу үчүн металлдын бетине азот же аммиакты (500-900°С) таасир этип, Н-ди пайда кылат. Н. газ түтүктөрүн жасоодо, энергетикада, космос жана жогорку температуралык техникада колдонулат.
НИТРИТТЕР — азоттуу кислотанын