НИОБИЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИОБИЙ (латынча №оЫшп), N6 - элементтердин мезгилдик системасынын V тобунда жайгашкан элемент, к. н. 41, атомдук массасы 92,9064. Табигый туруктуу изотобу93МЬ. 1801-жылы англ. окумуштуу Ч. Хатчет ачкан. Табиятта эркин түрүндө кездешпейт, ал көбүнчө минералдардын курамында тантал менен бирге кездешет. Н. жер кыртышында массасы боюнча 2-10'3% таралган. Маанилүү минералдары - колумбит, танталит, лопарит жана пирохлор. Н. жогорку температурада эрүүчү, боз түстөгү металл, тыгызд. 8,57 г/см3, абада туруктуу. Балкып эрүү 1 2487°С, кайноо 14930°С. Таза Н. муздакта жана басым алдында жакшы иштетилет. Механикалык мыкты касиеттерин жогорку температурада сактайт. К2, С, Н2, О2 сыяктуу элементтер аралашканда анын ийкемдүүлүгү азайып, катууланат. Химиялык касиети боюнча танталга окшош. Плавик кислотасында эрийт. Көпчүлүк кислоталарга, туздардын эритмелерине туруктуу. Н. кычкылы ЫЬ2О5 кислоталык мүнөзгө ээ. Н. - төмөнкү температурага, ысыкка, коррозияга өтө туруктуу көпчүлүк куймалардын негизги компоненттеринин бири. Фтор Н-ге бөлмө температурасында, хлор 200°Сден жогору, бром жана йод 250°Сден жогору, суутек 250°С, азот 400°С, көмүртек жана көмүртеги бар газдар 1200-1400°Сде таасир этет. Н. көптөгөн металлдар менен куймаларды пайда кылат. N1, Сг, Со, Т1, 2г, IV, Мо, А1 ж. б. металлдарды Н. менен легирлегенде, алардын жогорку температурага туруктуулугу ж. б касиеттери жогорулайт. Н-ге «падыша арагы», туз, күкүрт, азот, фосфор, хлор кислоталары, аммиактын суудагы эритмеси жана көптөгөн органикалык жана органикалык эмес заттар таасир этпейт. Көпчүлүк туруктуу бирикмелеринде Н-дин +5, +4, +3, +2, +1 окистенүү даражасы белгилүү. Н. курамында ЫЬ2О5 болгон концентраттан алюминотермия, карботермия ж. б. жол менен калыбына келтирүүдөн алынат. Н. жана анын куймалары атом энергетикасында, радиоэлектроникада, химиялык аппараттарды жана реактивдүү кыймылдаткычтарды курууда, ракета жана вакуум техникасында ж. б. тармактарда колдонулат.